Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Канат Жумагазиев билдирет.
Анын айтымында, 2 миң жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук
тартипти бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинде мыйзамсыз унаалардын
терезелерин караңгылату, жасалма номурларды пайдалануу жана мас абалда
унаа башкаруу фактылары кирет. Ушул жылдын 31-октябрынан 13-декабрга чейин
Кайгуул милиция башкармалыгы 102 линиясы боюнча келип түшкөн 2 миң 720
чакырууну кабыл алган. Алардын 850сү аныкталган жок , — деди Жумагазиев.