Республика боюнча 65 санитардык-карантиндик пост ишин улантууда.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдиргендей,
анда куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери нөөмөттө турат. Санитардык — карантиндик посттор
эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштейт. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча
киргизилген чектөө күчүндө болуп көзөмөл күчөтүлөт.
Өлкөдө 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.