Кайра шайланган парламент жыйынга чогулгуча VI чакырылыш легитимдүү

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү тууралуу 15-октябрда «Азаттыкка» комментарий берди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, БШК шайлоо боюнча чечимди бир ай ичинде чыгарып, белгилеши керек. Кайра шайлоо эки ай ичинде өтүүгө тийиш. Ага чейин мыйзам боюнча азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет. Жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйыны болгонго чейин азыркы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары узарат.

 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө жазылган. «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы парламенттин ыйгарым укуктары токтотулат» деп турат»,- деди Абдыжапар Бекматов.

Азырынча Боршайком шайлоо боюнча качан жана кандай чечим кабыл алары белгисиз.

 

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

 

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

 

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.