Кыргызстанда акимдерди ротациялоо башталды.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, түндүктөгү кызматкерлер түштүккө, түштүк жергесиндеги
район башчылары түндүккө которулат. Мындай жол райондорду өнүктүрүүгө
оң натыйжа берет, — деп белгиледи Марипов. Бүгүнкү күндө өткөрүлгөн
аттестациянын жыйынтыгы менен 37 аким иш ордун которду.