Максат Сабиров тапшырган депутаттык мандат Акыл Кемеловго берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы Акыл Кемеловго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын ыйгарды.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров кечээ, 24-февралда, өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Ал мунун себебин жаштарга орун бошотуп берүү максатында деп түшүндүргөн.

 

БШК бүгүн анын ордуна Кемеловду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, ага күбөлүк жана төш белги берди.

Акыл Кемелов 36 жашта. Өлкөдө аралаш мушташ боюнча беттештерди уюштурган WEF (World Ertaymash Federation) уюмунун Ысык-Көл облусу боюнча президенти.