Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина катталды

Новосибирскидеги «Вектор» деген мамлекеттик вирусология жана биотехнология борбору коронавируска каршы вакцинаны каттады. Буга чейинки препараттай эле бул вакцина да клиникалык сыноонун үчүнчү баскычы аяктай электе катталды. Препарат даяр болгонун президент Владимир Путин шаршембиде өкмөт менен жыйында билдирди.

 

Аны иштеп чыккан институт биологиялык курал жасаш үчүн негизделген, бирок азыр «Роспотребнадзор» мекемесинин карамагына өткөн. Мекеменин жетекчиси, Орусиянын башкы санитардык дарыгери Анна Попова жаңы препарат менен эмделгенин маалымат каражаттарына билдирди.

 

Августта Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология борбору «Спутник V» вакцинасын сыноо толугу менен аяктай электе каттап, Батыштагы айрым адистердин сынына кабылган. Эксперттер сыноонун үчүнчү баскычын жүргүзбөй жатып аны колдонуу кооптуу эксперимент экенин айтып келишти.

Дүйнөдө коронавируска каршы 36 препарат сыноодон өтүп жатат. Кеминде эки компания вакцинасы күтүлбөгөн таасир бергенден кийин сыноону убактылуу токтотушкан.