Кайра шайлоого бюллетендерде талапкерлердин катарын аныктоо үчүн чүчү кулак 7-февралга чейин  өткөрүлөт

Кайра шайлоого бюллетендерде талапкерлердин катарын аныктоо үчүн чүчү кулак 7-февралга чейин  өткөрүлөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, бюллетендерде ошондой эле “баарына каршы” графасы болот.

 

Кайра шайлоонун жыйынтыгын Боршайком 12-мартка чейин жарыялашы керек. Эске салсак, 27-февралда Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо өтөт.