Азиядагы эң кымбат батир Гонконг шаарында сатылды – 58 миллион долларга

Азиядагы эң кымбат батир Гонконг шаарында сатылды – 58 миллион долларга. Аны кытайлык магнаттын аялы сатып алды. Кымбат аппартамент 400 чарчы метрден жана 4 уктоочу бөлмөдөн турат.

 

Турак-жай абройлуу деп эсептелген Виктория-Пик районунда жайгашат. Эксперттердин айтымында, фонд рыногундагы туруксуз абалдан улам, кытайлык бизнесмендер акчасын кыймылсыз мүлккө салууда.