Калифорниялык лотереядан 2 млрд доллар утуп алды

Калифорниялык Эдвин Кастро лотереядан рекорддук сумма — 2 миллиард доллар утуп алды.

Акчаны 29 жыл ичинде акырындык менен алуунун ордуна, ал дээрлик 998 миллион доллардан ашык дароо бир жолку төлөмдү тандап алды.

Кастро өзүнүн бактылуу билетин дүкөндөн эле сатып алган.

Утушу бар билетти сатканы үчүн дүкөндүн ээси Джо Чахайед 1 миллион доллар сыйлыкка ээ болду.