Кыргызстандыктар Кахраманмараштагы 8 тилкеде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы 8 тилкеде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар 9 күн ичинде урандылардын астында калган 5 адамды аман алып чыгышты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта катуу жер титирөө болгон.

Кыргызстан Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине 200гө жакын адис жана алты дарыгер жөнөткөн.

Жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 80ге жакын боз үй тигип берди.