Калкты тейлөө борборлорунда биометрикалык маалыматты кабыл алуу кечки саат 8ге чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей, бул жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалууда.
Узартылган иш тартиби борборлордо 19-сентябрга чейин созулат. Ведомство эскертет – биометрикалык маалыматты чогултуу, жарандарды шайлоо тизмесине киргизүүнүн негизги талабы.
Анысы жок, кыргызстандыктар добуш бере албайт. Калган кызматтар калкты тейлөө борборлорунда саат 6га чейин көрсөтүлөт.