Кара-Балтада кийинки жылы текстиль фабрикасы ачылат. Бул тууралуу Инвестициялар агенттигинен билдиришти.
Ишкананы Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизүү каралды, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт.
Долбоор 25 миллион долларга бааланып, каражатты түркиялык инвесторлор бөлүп берет. Фабрика толук иштеп баштагандан кийин 1 миң адамга жумуш орду түзүлөт.