Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Садырбаев, Абдрахманов, Гагарин, Осмонов, Кривоносов көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Учкун конуштарында, Асанбай кичи районунда жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.