Каракол мэриясына 4,4 млн сомго суу ташуучу атайын техника сатып алынды

Ысык-Көлдүн Каракол шаардык мэриясына жаңы суу ташуучу атайын техника сатып алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Техниканын тендердик баасы 4 млн 462 миң 480 сомду түздү.

 

“Суу ташуучу унаа Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасына” берилет. Буга чейин ишканада мындай техниканын жоктугунан бак-дарактарды, гүлдөрдү, газондорду суугарууда көйгөйлөр жаралып келген. Жаңы техниканын алынышы менен бул маселе чечилип, кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.