Мадриддик “Реалдын” жарым коргоочусу Лука Модрич “Аль-Насрдын” сунушун четке какты

Мадриддик “Реалдын” жарым коргоочусу Лука Модрич “Аль-Насрдын” сунушун четке какты. Сауд арабиялык клуб футболчуга 2,5 жылдык келишимге 100 миллион евро сунуштаган. Бирок 37 жаштагы Модрич бул сунушту кабыл алган жок.

 

Анын “Реал” менен келишими ушул сезондун аягында соңуна чыгат, андан кийин хавбек дагы бир жылга узартууну пландап жатат.

 

Кошумчаласак, Модрич бул сезондо “Реал” үчүн 23 беттеш өткөрүп, 5 гол жана 2 ийгиликтүү пас менен өзгөчөлөндү.