Бишкекте мыйзамсыз объектилер алынууда.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей,
Москва жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган бастырма түрттүрүлдү.
Ошондой эле «Мурас-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан турак-жай алынды.
Үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.
Ошондой эле №6 кичи районунда мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды.