Каракол шаарында 3 көчө оңдоп-түзөлөт.
Бул тууралуу novosti.kgге Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кеп, Торгоев, Токтогул жана Пржевальск тилкелери
тууралуу болуп жатат. Ремонттоло турган жолдун жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт.
Иштер Торгоев көчөсүн ондоого жарыяланган тендердин жеңүүчүсү аныкталгандан кийин башталат.
Ал эми, Токтогул жана Пржевальск көчөлөрү боюнча документтер даярдалууда.
Пландалгандай, иштер жыл аягына чейин жыйынтыкталат.