Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору майрам жана дем алыш күндөрү дагы иштейт. Буга чейин 7-январдан 10-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланган.
Бирок президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер ишке чыгат.
ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан жана “Услуги ГРС” уюлдук тиркемеси аркылуу алса болот.