Күнүмдүк киреше менен жашаган кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүлөт

Күнүмдүк киреше менен жашаган кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүлөт. Буга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ишендирүүдө. Анын айтымында, калктын мындай катмарына өкмөт тарабынан азык-түлүк берүү пландалып жатат.

 

Учурда мэрия жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан тизме түзүлүүдө. Белгилеп кетсек, 3-апрелден тарта аз камсыздалган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берилип жатат. Анда 2 жумага жете турган азык-түлүк бар.