Каракол шаарында дагы коомдук транспорт каттамга чыкты

25-майдан баштап Каракол шаарында коомдук транспорттор өз ишин жандантты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

 

«Облустук жол кыймылынын кызматкерлери өздөрүнө тагылган милдеттерин таӊкы саат алтыдан баштап аткарышууда. Алар Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы менен бирдикте, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык талаптарын кыйшаюсуз аткаруу боюнча коомдук транспорттордун айдоочуларына күнүнө түшүндүрүү иштерин өткөрүшөт.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан жобого ылайык, айдоочулар жана жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактоого тийиш. Коомдук транспортко кирүүдөө ар бир жүргүнчү бет капчан болушу зарыл. Автоунаанын отургучтун санынан 60 пайыздан ашырылбай салынууга тийиш. Аталган талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жол коопсуздугунун тескөөчүлөрү тарабынан тийиштүү рейддер өткөрүлүп турмакчы. Эгерде талаптардын аткарылбагандыгы аныкталса, анда мамлекеттик тийиштүү органдар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенишкен мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат.

Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы билдиргендей, бүгүнкү күндө шаарда 50-55 коомдук кичи автобустар 13 каттамда иш алып барышууда», — деп билдиришет басма сөз кызматынан.