Айдоочулардан мыйзамсыз 10 миллион сом чогулткан мамлекеттик кызматкерлер аныкталды

Айдоочулардан мыйзамсыз 10 миллион сом чогулткан мамлекеттик кызматкерлер аныкталды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирет.

Коррупциялык схемага Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын 3 кызматкери

шектүү катары кармалды. 2018-жылы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө түйүндөрүнө

айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алына турган жабдуу орнотулган.

Андан түшкөн каражаттын аз бөлүгү мамлекетке берилип, калганы башка багытка кеткен.

Учурда катталган фактыга башка кызматкерлердин тийиштиги бар же жогу такталууда.