Каракол шаарынын борборунда тамактануучу жайлар текшерилет.
Өрт коопсуздугуна жана санитардык нормаларга жооп бербегендер жабылат – деп,
билдирет калаа мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев. Анын айтымында,
атайын комиссия текшерүү иштерин жүргүзөт. Белгилеп кетсек, мындай чаралар
10-январда болгон кырсыктан улам көрүлүүдө. Анда базардын жанындагы
коомдук тамактануучу жайда газ баллон жарылган. Анын кесепетинен 1 адам каза таап,
дагы 6 адам жабыр тартты. Учурда Каракол шаарынын борборунда
50гө жакын тамактануу жайлары бар. Көбү газ колдонот.