Өзгөн районунун Беш-Абышка айылында алгачкы ирет ФАП курулуп, пайдаланууга берилди.
Район акимчилигинен билдиришкендей, фельдшердик-акушердик түйүн кайрымдуулук
фондунун жардамы менен курулду. Сметалык баасы 3 миллион сом. Медициналык
мекеме керектүү медициналык каражаттар жана эмеректер менен камсыздалды.