Каракол шаарынын мектептери окуунун онлайн форматына өтүүдө. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти. Жергиликтүү штаб мындай чечимди эпидемиологиялык абалдан улам кабыл алды.
Мектептер жана бала бакчалар 11-майга чейин аралыктан иштейт. Ошондой эле, Каракол шаарында бардык маданий жана спорттук массалык иш-чараларга тыюу салынды.