Эртең мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар берилип баштайт

Эртең мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар берилип баштайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл бул процесс салтанаттуу түрдө өткөрулбөйт.

 

Бул эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Ар бир мектепте тизмелер түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөр ага ылайык, кезек менен келип, аттестаттарын алып кетиши керек. Белгилеп кетсем, орто билимди күбөлөндүргөн документтер акысыз тапшырылат.