Жалпы республикалык тестирлөөгө келген ар бир бүтүрүүчүнүн дене табы текшерилет

Жалпы республикалык тестирлөөгө келген ар бир бүтүрүүчүнүн дене табы текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.  Анын айтымында, ички иштер министрлигинин кызматкерлери окуучулардын ортосундагы коопсуз аралыктын сакталышына көз салат.

 

Адамдардын топтолуусуна жана башка адамдардын имаратта болушуна тыюу салынат.

 

Аудиторияларда бүтүрүүчүлөр шахмат тартибинде отурат. Эске салсак, негизги тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөт.