Баткенде кечээ ачылган Төрт-Көчө жолу кайра жабылганы айтылды

Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу кайрадан жабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

 

Азырынча бул маалыматты жергиликтүү бийлик тастыктай элек. Бирок блокпостто тургандар ал жакка кирүү азырынча кооптуу экенин айтып, артка кетирип жатканы маалым болду.

Эске салсак, Төрт-Көчө жолу кечээ ачылып, каттам калыбына келген.