Мектептердеги каникулдардын болжолдуу күндөрү айтылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулар күзгү каникулга 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин тарамай болушту. Кышкы каникул жылдагыдай 30-декабрдан 11-январга чейин созулат.
Ал эми жазгы каникул 22-марттан 30-мартка чейин деп белгиленди. Жайкы каникул 25-майдан тарта баштала турганы божомолдонду.
Үчүнчү чейректе 1-класстын окуучулары үчүн кошумча эс алуу берилет. Бирок ал райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары менен макулдашылат, — дешти ведомстводон.