Кыргызстанга Пакистандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармек жана медициналык коргоо каражаттарын жөнөттү.
Гумжардамдын салмагы 1 тоннадан ашат, баасы 153 миллион сомго теңелет.