Ысык-Көлдө туризм үзгүлтүккө учурап, салык аз төлөндү

Коронавирус пандемиясынан улам Ысык-Көлдө быйыл жайкы туризм үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу салыктын көлөмү июнь айында 63%, июлда 42% азайды.

 

Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элчибек Жантаев бүгүн, 2-сентябрда брифингде билдирди.

«2020-жылдын жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-июндан баштап туризм секторуна иштөөгө уруксат берилген. Бирок июнь айында эс алуучулардын жоктугунан улам айрым эс алуучу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тартууга мажбур болушту», — деди Жантаев.

 

 

Расмий маалыматтар боюнча Ысык-Көл облусунда жалпы жонунан 533 эс алуучу жай катталган болсо, 1-июлга карата анын 313ү гана иштеди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык каттамдар токтогон.

Пандемия күч алган июнь-июль айларында өлкөдө шаар аралык каттамдарга тыюу салынган.

 

Ысык-Көлгө жергиликтүү туристтерден тышкары көбүнчө Казакстан менен Орусиядан туристтер келип эс алышат.