Кыргызстандан Казакстанга кычкытлек концентраторлорун жана дарыларды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 3 кыргызстандык унаа менен “Ак-Тилек унаа жолу” түйүнүндө кармалды.
Алардан экспортко тыюу салынган 4 кычкылтек концентратору, пульсоксиметр жана дарылар табылды.
Бул факты Бирдиктүү реестрге катталып, иликтөө жүрүүдө. Жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.