Оштогу спорт комитетинин башчысына кылмыш иши козголду

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн арыз түшүп, «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки тергөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык милициясы билдирди.

 

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун маалыматына ылайык Абакировдун үстүнөн арыз 13-март күнү түшкөн. Окуя Спорт комитетинин жетекчиси менен Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан базарда соодагерлердин ортосунда болгон.

 

Абакировдун өзү «Азаттыктын» кабарчысына муну жалган маалымат катары сыпаттап, анын «жардамчысымын» деп тааныштырган башка киши менен жолугуп, ошол айтып берээрин билдирди. Ош шаардык мэриясы окуя боюнча комментарий бере элек.

 

Бекдөөлөт Абакировду мэр Таалайбек Сарыбашов 23-декабрда Кылычбек Саркарбаевди жумуштан алып, анын ордуна убактылуу дайындаган.

 

Ал октябрь айындагы Оштогу так талаш учурунда мэр Таалайбек Сарыбашовду жандап жүргөн. Анын кызматка келиши коомчулукта сынга алынып, Интернетте талкуу жараткан.

 

29 жаштагы Абакиров 2018-жылдан бери муниципалдык «Жапалак» автоунаа базарын жетектеп турган.