Карантин учурунда интернет колдонуучулардын саны 33 пайызга өстү

Өлкө боюнча карантин учурунда интернет колдонуучулардын саны 33 пайызга өстү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев онлайн брифинг учурунда айтты.

 

Азыркы кырдаал, күнүмдүк жашообузду, арабызда болгон карым-катнашты кыйла өзгөрттү. Бул чакырыктарга карабастан акыркы жылдары «Санарип Кыргызстан» концепциясынын алкагында жасалган иштер бул кырдаалдан татыктуу өтүүгө мүмкүнчүлүк берди деп ишенем. «Санарип Кыргызстан» экосистеминин компоненти жана багыты санарип инфраструктура болот. Бул инфраструктура башка тармактарда дагы ийгиликтүү жана жемиштүү колдонулду.

 

Негизинен интернет колдонуучуларынын санын жана интернет колдонуунун көлөмүн карасак жалпы республика боюнча 33 пайызга өстү. Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча 6 пайыз, Нарын облусу боюнча, 64 пайызга, Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпысынан 33 пайызга өстү», — деди Догоев.