АКШнын Миннеаполис шаарында Жорж Флойд менен коштошуу аземи болуп өттү

АКШда 25-майда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойд менен коштошуу аземи Миннеаполис шаарында болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

 

Маалыматка ылайык, коштошуу аземине маркумдун туугандары, активисттер, саясатчылар жана шоу-бизнес өкүлдөрү катышты. Жакынкы күндөрү маркум менен коштошуу аземин башка шаарларда дагы өткөрүү пландалууда. Флойддун сөөгү 9-июнда өзү туулуп өскөн Техас штатындагы Хьюстон шаарында жерге берилет.

Буга чейин, америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуудагы чыгымын төлөй тургандыгын айткан.