Японияда күн ысып жаткандыгына байланыштуу бет кап тагынбоо сунушталууда

Японияда күн ысып жаткандыгына байланыштуу өлкөнүн Айлана чөйрөнү коргоо министрлиги жарандарга күн ысык мезгилде медициналык бет кап тагынбоону сунуштоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, Японияда абанын температурасы 32 градуска көтөрүлгөн жана дагы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Мындан улам министрлик жарандарды медициналык бет каптардан убактылуу баш тартып турууну сунуштоодо. Мындан тышкары адистер ысыкта спорт менен алектенбөөгө жана көп суу ичпөөгө чакырып жатышат.

 

Японияда коронавирус инфекциясы жалпы 16 миң 911 адамдан аныкталды. 911 адам каза болсо, 14 миң 785 бейтап айыгып чыкты.