Түркияга кирүү эрежелери өзгөрдү

Түркияга кирүү эрежелери өзгөрдү. Эми туристтер саякат учурунда анкета толтуруп, Түркияда кала турган жайларынын жаректери жана байланыш номурун жазышы керек.

 

Бул маалыматтар кийинчерээк эгер рейсте коронавируска чалдыккандар аныкталса, алардын жанында учкандарды табуу үчүн ИИМдин базасына киргизилет.

 

Ошондой эле, Түркияга учуучу рейстерде кол жүгүнө чектөө киргизилди, анда жеңил сумкалар, портфель сыяктуу жеңил буюмдарга гана уруксат берилет.