Нью-Йоркто алкоголдук балмуздакка уруксат берилди

Нью-Йоркто алкоголдук балмуздакка уруксат берилди. Мыйзам боюнча, мындай балмуздактын күчү 5 пайыздан ашпашы керек. Өзгөчө балмуздак 21 жаштан жогору адамдарга гана сатылат.

 

Штаттын губернатору Эндрю Куомо бул мыйзамды пандемиядан кийин кичи бизнести колдоо максатында киргизгенин айтууда. Ал эми мас кылган таттуунун өндүрүүчүлөрү азыктын кеңири түрүн чыгара турганын убадалашты.