Токтогул суу сактагычында суунун агымы көбөйө баштады

Токтогул суу сактагычында суунун агымы көбөйө баштады.

“Электр станциялары” ишканасынан маалым болгондой, өткөн суткада башкы резервуардагы суунун агып кириши секундасына 28 кубометрге көбөйүп, 173 кубдан 201 куб метрге жетти.

Ошол эле учурда суунун чыгымы 72 метр кубга өстү.

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 7 миллиард 933 миллион кубометрди көрсөттү.

Белгилеп кетсек, быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды.