Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ал Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга татыды.

 

Финалда Шаршенбеков кореялык Ханджэ Чунду караандатпай жеңип алды.

 

Ушул күндөру Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында ошондой эле Акжол Махмудов алтын, Роман Ким коло медаль багындырды.

 

Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатында да алтын медаль тагынган.