Катардагы айдоочулар үчүн ОСАГО жөнүндө мыйзам 2022-жылы күчүнө кириши мүмкүн

Катардагы айдоочулар үчүн ОСАГО жөнүндө мыйзам 2022-жылы күчүнө кириши мүмкүн. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын  башчысы Арзыбек Кожошев билдирди.

 

Анын айтымында, унаа ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу чет элдиктер, юридикалык жактар жана жүк ташуучу унаалар үчүн ушул жылдын апрель айынан тарта милдеттүү болот.

 

Ал эми кийинки жылдын 1-январынан тарта мыйзам 12 тоннага чейин жүк ташуучу машинелерге жана жүргүнчү ташуучу унааларга тиешелүү болот. Документ күчүнө киргенче калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.