Кыргызстандыктарга Кытай, Япония, Түштүк Корея, Италия жана Иранга баруудан баш тартуу сунушталат

Кыргызстандыктарга Кытай, Япония, Түштүк Корея, Италия жана Иранга баруудан баш тартуу сунушталат. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай кеңешти коронавирус боюнча абал турукташканга чейин кармануу зарыл.

 

Ал эми ушул тапта аталган мамлекетте жүргөн мекендештерге эл көп чогулган жерлерге барбай, жергиликтүү бийлик жана дарыгерлердин сунуштарын сактоо сунушталат. Бардык суроолор боюнча кыргызстандыктар дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот.