Кыргызстанда оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуу мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу сунушталып жатат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыгарылды.
Оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салган мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, күчүнө 2016-жылдын 1-январында кирген. Анда айрым депутаттар ИИМде документтерди колдонуу механизми жок болгондуктан, муну токтотуп турууну сунуштаган.
Ошентип тыюу салуу 2018-жылга чейин жылдырылган. Анда дагы парламентарийлер макул болушкан эмес. Анүстүнө жумушсуз калабыз деген таксисттер нааразычылык акциясына чыгышкан. Жыйынтыгында тыюу салуу мөөнөтү 2020-жылга жылдырылган.