Бишкекте туш келди таштанды ыргыткандарга чара көрүү уланууда

Бишкекте туш келди таштанды ыргыткандарга чара көрүү уланууда.

Буга карата Санитардык экологиялык инспекция күн сайын рейд жүргүзүп жатат.

Анын алкагында протоколдун ар башка статьялары менен кафе, дарыкана,

дүкөндөрдүн ээлери айыпка тартылууда. Алар 4үнчү жана Чыгыш-5 кичи

райондорунда, Ак-Ордо конушунда жайгашкан. Инспекциядан эске салышкандай,

аталган фактыларга күбө болгондор мекемеге кабарлап койсо болот.

Жыл башынан бери 153 протокол толтурулуп,

айыптын суммасы 1,5 миллион сомду түздү.