Казакстан Кыргызстанга ун түрүндө жардам берет.
Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдиргендей,
коңшу өлкө бизге 5 миң тонна ун берет. Анын биринчи вагондору эртең Бишкекке келет.
Калганы өлкөнүн түштүгүнө жеткирилет. Эске салсак, буга чейин 26-марттан тартып
Казакстан Кыргызстанга ун жана буудай ташууга чектөө киргизген.
Айына 30 миң тонна квота берген. Мындан улам биздин өлкө Россия менен
100миң тонна ун алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.