Муктаж үй-бүлөлөргө үч жарым миңге жакын сыналгы берилди.
Бул 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталгандан берки көрсөткүч, — дешти
Билим берүү министрлигинен. Берилген сыналгылардын көбүрөөк бөлүгү,
700дөн Чүй жана Жалал-Абад облустарына туура келсе, азыраагы
Талас облусуна – 19, Бишкекке – 30у таратылды. Ведомство дистанттык окутуу
башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок
үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн
жардамы менен аларга көмөк көрсөтүүдө. Жеткирүү иштери азыр да уланып жатат.