Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин сайты ачты

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин сайты ачты.

Ал artmuseum.kg деп аталып, ага 4 миңден ашык картина жана

скульпторлордун миңге чукул эмгеги коюлду. «Графика» жана

«Кол өнөрчүлүк» бөлүмдөрү азырынча толтурула элек.

«Долбоордун максаты — санарип технологиянын жардамы менен

музейдин фонддорунан жана коллекцияларынан чогултулган улуттук

маданий баалуулуктардын жеткиликтүү болушун камсыздоо.

Эмгектерди даярдоо үчүн музейге жогорку ылдамдыктагы интернет туташтырылып,

ноутбук, сервер сатып алынган.

Санарипке өткөрүү иштери 2018-жылдын ноябрында башталган болчу.