Казакстанда аба-ырайына байланыштуу республикалык маанидеги айрым жолдордо унаалардын бардык түрүнө кыймылга чектөө киргизилди

Казакстанда аба-ырайына байланыштуу республикалык маанидеги айрым жолдордо унаалардын бардык түрүнө кыймылга чектөө киргизилди.

Tengrinews.kz билдиргендей, бүгүн Казакстандын борборунда катталган бороондон жана калың кардан көрүү мүмкүнчүлүгү төмөндөп,

шашылыш билдирүү жарыяланды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетип,

абанын температурасы кайрадан -7 градуска чейин төмөндөдү.