Россиянын Москва шаарында 24-июнда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу парад өтөт.
Буга карата башкы даярдык иштери 20-июнь күнү өттү. Ага 14 миңден ашык адам катышкан.
Салтанаттуу парадга катышуу үчүн Москва шаарына 12 өлкөнүн: Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан,
Кыргызстан, Кытай, Молдова, Моңголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары барды.
Ошондой эле бул салтанатка Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да күбө болот.
Ага Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу келген.