Кара-Кулжа районунун Көө-Чаты айылынын мектебинде окуу процесси жанданды

Кара-Кулжа районунун Көө-Чаты айылынын мектебинде окуу процесси жанданды. Эске салсак, 18-февралда бул жерде  Сагындык атындагы мектеп күйүп кеткен. Анда 100дөн ашык бала билим алып келген.

 

Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жакынкы мектеп айылдан 2 чакырым аралыкта жайгашкандыктан, окуу процессин ошол жерде эле жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Кечээтен тарта сабактар тилсиз жоодон сакталып калган китепкана жана чарбачылык бөлмөсүндө өтүп жатат. Ошондой эле жергиликтүү тургундар дагы өз үйлөрүн бөлүп беришүүдө.