Келерки жылы Кыргызстанда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Келерки жылдын май айына чейин Кыргызстанда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Билим берүү министрлиги билдиргендей, анын алкагында 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо мүмкүн болот.

 

Долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк жардам көрсөтөт.

 

Учурда өлкөдө ЮНИСЕФтин колдоосу менен 250дөй балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлүп, аларда 7 миңден ашык бала билим алып жатат.